Линктер

Атамбаев менен Каримов чек ара маселесин сүйлөштү


Президент Алмазбек Атамбаев менен өзбек президенти Ислам Каримов. Ташкент. 25-июнь.

Президент Алмазбек Атамбаев менен өзбек президенти Ислам Каримов. Ташкент. 25-июнь.

Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Анын айтуусунда, Ташкентте өткөн саммит учурунда Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери кыргыз-өзбек чек арасы, эки тараптын саясий мамилеси тууралуу кенен сүйлөштү:

"Жолугушууда чек ара маселеси да козголду. Анда көп жылдан бери бул маселеде жүрүп келе жаткан сүйлөшүүлөр уланмакчы болду. Президенттер эгер эки тараптын ортосунда кандайдыр бир түшүнбөстүк болсо, эки премьер-министр кабарлашып, бүт маселелерди чечет деген бүтүмгө келишти. Эки премьер-министрге тапшырма берилди. Жакынкы күндөрү алар сүйлөшүүгө барат. Алар телефон аркылуу сүйлөшөт же жолугушуусу мүмкүн. Эки президенттин чечими менен мындан ары эки тараптын мамилелери позитивдүү жакка багыт алат", - деп билдирди Сапар Исаков "Азаттыкка".

Сапар Исаковдун айтуусунда, президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын президенти Си Цзинпин менен да жолугуп, кыргыз-кытай аралык бир катар долбоорлор тууралуу сүйлөшкөн.

23-24-июнда Өзбекстандын борбору Ташкентте ШКУнун мамлекет башчыларынын саммити болду. (BkA/ZKo)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG