Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:48

Би-Би-Си Римдеги америкалык дипломаттарга таянып маалымдагандай, АКШ мамкатчысы Жон Керринин Европа сапарына өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык, мамкатчы алгач Евробиримдиктин штабы жайгашкан Брюсселге барат, андан кийин Лондонго сапар алмакчы. Дипломаттардын биринин айтымында, Керри британдардын көпчүлүгү Евробиримдиктен чыгуу боюнча чечим кабыл алган референдумдан кийин биримдикти алсыратпоо үчүн башка мүчөлөрүн ал кадамды кайталабоого чакырат.

Жон Керри Римге 26-июнда Италиянын тышкы иштер министри Паоло Жентильони менен сүйлөшүүгө жана Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху менен жолугуу үчүн келди. Дүйшөмбүдө ал Брюсселге барып, Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Федерико Могерини менен сүйлөшөт. Лондондо болсо британ өкмөтүнүн мүчөлөрү менен жолугары айтылууда.

Вашингтон Британ элинин Евробиримдиктен чыгуу тууралуу чечимин кабатырлануу менен кабыл алган. Брексит боюнча референдумдан бир нече күн мурун АКШ президенти Барак Обама британдыктарды Евробиримдиктен чыкпоого үндөгөн.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG