Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:40

Жер титирөө Кыргызстан, Тажикстан жана Кытайдын чек арасында болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына таянып билдиргенине караганда, силкинүү Алай тоо кыркаларында орун алган. Аталган министрликтин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун маалымдашынча, силкинүү очогунда 6-7 баллга жетти деген маалымат бар:

- Алай районунун Бор-Дөбө айылынан он жети чакырым аралыкта Алай тоо кыркаларында күчү 6-7 баллга жеткен силкинүү болду деген маалымат алдык. Жер титирөө Ош облусунун аймагында 4-5 балл, Баткен облусунун аймагында 3,5-4 балл жана Нура айылында 6 балл болгон. Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок. ​

Айрым маалыматтарда силкинүү Нарында жана Бишкекте да сезилген.

Кыргызстандын Ош облусунун аймагында күчү 6,2 баллга жеткен жер титирөө катталганын Эл аралык геологиялык борбордун сайты да маалымдады. Андагы маалыматка ылайык, силкинүү 26-июнда, саат 17:17 болгон. (ZKo)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG