Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:39

Шотландияда Британиянын курамынан чыгуу боюнча кайра референдум өтүшү ыктымал


Никола Стерджен баштаган өкмөт. 26-июнь,

Никола Стерджен баштаган өкмөт. 26-июнь,

Бул тууралуу 26-июнда Шотландиянын биринчи министри Никола Стуржеон билдирди. Ал Би-Би-Cиге курган маегинде Шотландиянын парламентин Британиянын Евробиримдиктен чыгуусуна каршы добуш берүүгө чакырарын айтты. Анын айтымында, мыйзамга ылайык, Британиянын биримдиктен чыгуусуна Шотландия парламентинин расмий макулдугу керек.

Стержен шотланд элин Евробиримдиктен чыгуунун кесепеттеринен сактап калууну каалайт. Ал ошондой эле шотландиялыктардын 62% Евробиримдикте калуу үчүн добуш бергенин баса белгиледи.

Мурдараак Никола Стуржеон жетектеген шотланд өкмөтү чукул жыйын куруп, өлкөнүн Евробиримдиктеги ордун сактап калуу үчүн биримдиктин мүчөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү тез арада баштоо чечимин кабыл алган.

23-июндагы референдумда британдыктардын 52% өлкөнүн Евробиримдиктен чыгуусун жактап добуш беришкен.

Шотландия 2014-жылы Улуу Британиядан көз карандысыздык боюнча референдум өткөрүп, анда Британия курамында калууну жактагандар минималдык артыкчылык менен жеңишке жетип, өлкө биримдиги сакталып калган.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG