Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:42

Ооган аскерлери ИМ тобу менен кармашууда


Ооганстан менен Пакистандын чек арасындагы ооган аскерлери
Ооганстан менен Пакистандын чек арасындагы ооган аскерлери

Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясында 25 үй өрттөнүп, беш адам жоочулар тарабынан уурдалган. Жоочуларды жок кылуу операциясына Ооганстандын жүздөгөн аскерлери жана полиция кызматкерлери катышууда.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Нангархардагы үч күндөн берки кармашта «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун жүздөн ашык мүчөсү өлтүрүлгөнүн билдиришүүдө. Бирок азырынча «Ислам мамлекети» тобунан канча адам өлтүрүлгөнү тууралуу маалыматтар көз карандысыз булактар тарабынан ырастала элек.

Нангархар провинциясынын губернаторунун билдиришинче, ондон ашык аскер кызматкери кайтыш болсо, жай тургундар арасынан дагы 18 адам ар кандай жаракат алышкан.

Өздөрүн «Ислам мамлекети» экстремисттик тобунун мүчөлөрү экенин жарыялашкан жоочулардын көбү учурда Ооган-Пакистан чек арасындагы тоолордо бугуп жатышат. Байкоочулардын пикиринде, мурда бир эле "Талибан" согушкерлери менен кармашып келген ооган армиясынын мындан ары “Ислам мамлекетинин” жоочулары менен да кармашуусу абалды андан бетер татаалдантат. (YI)

XS
SM
MD
LG