Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:38

Казакстанда учак кулады


Ан-2 үлгүсүндөгү учак
Ан-2 үлгүсүндөгү учак

26-июнда Казакстандын Алматы облусунда Ан-2 учагы кулады. Андагы учкуч менен техник ар түрдүү күйүктөрү менен жергиликтүү ооруканага жаткырылган. Казак ӨКМинин маалымат кызматынын билдиришинче, учак Балкаш районунда эгин талааларын мите курттарга каршы дарылап жүргөн. Ал учак "Тамшыбулак" аттуу жеке фирмага таандык болчу.

Абада өрттөнө баштаган учак Балкаш районундагы Береке айылына авариялык конуу жасаган.

Учкучтардын бири учактагы өрттөн катуу жабыркаган. Экинчисинин абалы канааттандырарлык. (YI)

XS
SM
MD
LG