Линктер

Британиянын ЕБ курамынан чыгуу жоболору аныкталды


Биримдиктен Британиянын чыгышы эки жылга созулат.

Биримдиктен Британиянын чыгышы эки жылга созулат.

Европа биримдиги Британияга уюмдан чыгуу боюнча расмий сүйлөшүүлөрдү баштоонун жол-жоболорун аныктап берди. 23-июнда өткөн референдумда британиялыктар Европа биримдигинен чыгууну колдогон. Бирок эреже боюнча, бул жараян эки жылга созулат. Алгач Британия биримдиктен чыгуу чечимин расмий жарыялап, баяндама жасашы кажет.

Референдумдун эртеси өкмөт башчы Дэвид Кэмерон октябрга чейин отставкага кетерин, анын ордуна келген премьер-министр сүйлөшүүлөрдү башташы мүмкүндүгүн билдирген. Бирок Европа биримдигинин тышкы иштер министрлери уюмдан чыгуу жараянын эртерек баштоого чакырып жатышат.

XS
SM
MD
LG