Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:08

ИМдин туткундарды өлтүргөнү тууралуу видео жарыяланды


Сирия.
Сирия.

Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган террордук топ былтыр барымтага алынган сириялык активисттер менен журналисттердин жок кылынганы тартылган тасманы интернетке чыгарды. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктары боюнча обсерватория билдиргендей, алар 2015-жылдын октябрында уурдалган жана декабрда жоочулардын колунда набыт болушкан. Уюмдун башчысы Рами Рахмандын айтуусунда, набыт болгондор Дейр-оз-Зор калаасындагы канабайрам тууралуу маалымат билдиришкен.

Сирияда жарым-жартылай согушкерлердин көзөмөлүндө турган Дейр-оз-Зор шаарындагы калаба тууралуу экстремисттердин колунда жан бергендердин бири аталган обсерваторияга кабарлаган. Дагы бир шейит кеткен адам Human Rights Watch уюмуна “Аль-Жазира” телеканалында иштей турганын өлүм алдында тартылган видеодо баяндаган. Бирок азырынча Human Rights Watch менен “Аль-Жазира” мындай кабарга түшүндүрмө бере элек.

Өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган террордук топ чет элдик уюмдарга маалымат тараткан активисттер өлтүрүлгөнү жөнүндө мурда да видео жарыялаган болчу.

XS
SM
MD
LG