Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Электрондук аукциондор тууралуу мыйзам кабыл алынды


Кыргызстанда мамлекеттик органдар уюштурган сатуу жана аукциондорду электрондук ыкма менен жүргүзүүгө мыйзамдык база түзүлдү.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев айрым мыйзам актыларын өзгөртүү тууралуу мыйзамга кол койду. Ага ылайык Жер кодексине, муниципалдык менчик, сот аткаруучуларынын статусу, банкроттук жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилет.

Соңку жылдары өлкөдө ачыктыкты камсыз кылуу максатында электрондук өкмөт, электрондук башкаруу долбоорлору ишке ашырылууда. Алсак, мамлекеттик сатып алуулар мурда жалпы коомчулук үчүн жабык маалымат болуп келсе, азыр ар бир жаран мекеменин сайтына кирип, кайсы орган кандай суммага эмне сатып алганы тууралуу биле алат. (RK)

XS
SM
MD
LG