Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Кочкордо табылган мадыл кайра кое берилет


Сүрөт "Турмуш" сайтыныкы
Сүрөт "Турмуш" сайтыныкы

Кочкордо табылган мадыл айыл тегерегине ачкалыктан түшкөн болушу ыктымал. Ал өзүнө келгенден кийин кайра жаратылышка кое берилет. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Германиянын Жаратылышты коргоо уюмунун (НАБУ) Кыргызстандагы өкүлү Толкунбек Асыкулов билдирди.

Асыкуловдун айтуусунда, жаныбар ачкалыктан абалы оорлоп кеткен жана өлүп калуусу ыктымал болчу, азыр ал Бишкекте:

- Алы кетип калыптыр. Эгер кайра барып алып келишпесе өлүп калмак. Азыр жаныбар бизде. Дагы бир аз тамактандырып, өзүнө келтирип, ветеринардык изилдөө жүргүзүп, Ананьеводогу Илбирсти коргоо борборунда кармайбыз. Өзүнө келгенде кайра талаага, коопсуз жерге кое беребиз.

Мурдагы күнү Кочкордун Дөң-Алыш айылында ойноп жүргөн балдар мышыкка окшош жаныбарды таап алып, зоомузейге алып барышкан. Бирок ал "Кызыл китепке" киргизилген мадыл экени аныкталгандан кийин кайра кое беришкен.

НАБУ уюмунун бүлгүнчүлүккө каршы борборунун кызматкерлери окуя болгон жерге барып, мадылды Бишкекке алып келди.

Адистердин айтуусунда, бул жапайы жаныбардын так саны белгисиз. Ал тоолордо, суунун жээгинде жана токойлордо чычкан, чымчык жеп жан багат. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG