Линктер

дүйшөмбү, 1-май, 2017 Бишкек убактысы 08:58

Google компаниясынын кызматкери, кыргызстандык Тилек Мамутов өзү иштеген кеңсенин ичине (Маунтин-Вью шаары, Калифорния) кадимки кыргыз боз үйүн тикти. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазып, сүрөттөрүн жайгаштырды.

«Кеңсеге боз үй тиктим. Кесиптештерим Эмили жана Ричардга рахмат. Эми боз үй түрдүү жолугушууларды өткөрүү үчүн пайдаланылат» деп жазды Тилек Мамутов.

32 жаштагы Тилек Мамутов интернет дүйнөсүндөгү гиганттардын бири - Google компаниясында 2007-жылдан бери эмгектенет. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG