Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Балыкчы-Корумду жолуна кошумча бир миллиард сом бөлүнөт


Балыкчы-Корумду автожолунун курулушуна кошумча 1 млрд сом бөлүнөт. Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети бүгүн өкмөттүн республикалык бюджетке өзгөртүү киргизип, жол үчүн каражат кароо сунушун жактырды.

Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун 35 чакырымын сентябрдагы Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарына чейин бүткөрүүнү буга чейин премьер-министр Транспорт жана байланыш министрлигине тапшырган. Каржы министрлиги 35 чакырымдын курулушун аягына чыгаруу үчүн каражат бөлгөн.

Аталган каттамдын жалпы узундугу 104 чакырымга созулат. Өкмөттүн маалыматы боюнча, долбоорду толук аяктоо үчүн 2,6 миллиард сом керектелет. (RK)

XS
SM
MD
LG