Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:41

Жекшембиде Ирак армиясы Фаллужанын акыркы районунан “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун сүрүп чыгарганын жарыялады. Беш жумалык аскердик операциядан кийин шаар толук бошотулганы айтылды.

Эми ирак аскерлеринин мойнунда шаар көчөлөрүн, үйлөрдү минадан тазалоо иштери турат. Фаллужа “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун колуна 2014-жылы өткөн. Эми армияга жоочулардын колундагы ири элдүү пунктардын дагы бири - Мосулга багыт алууга мүмкүнчүлүк ачылды.

Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, Фаллужа үчүн салгылаштын натыйжасында 85 миң жашоочу шаардан чыга качып, Ирак бийлиги түзгөн качкындар лагеринде баш калкалашкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG