Линктер

Синоптиктер ушул күндөрү нөшөр жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда сел коркунучу бар экенин эскертет.

28-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12...+17, күндүз +25...+30,

Талас жергесинде түнкүсүн +9...+14, күндүз +24...+29,

Баткен облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +25...+30,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +26...+31,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +7...+12, күндүз +16...+21,

Нарын облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +19...+24,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4...+1, күндүз +4...+9,

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында маал-маалы менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Абанын табы түнкүсүн + 13…+15, күндүз +26…+28 градус болот.

XS
SM
MD
LG