Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Караколдо кыйноолорго каршы талкуу өттү


Иллюстрация
Иллюстрация

26-июнь - Кыйноолорго каршы эл аралык күнгө карата бүгүн 27-июнда Каракол шаарында "тегерек стол" талкуу болуп өттү.

Облус аймагында адам укугун бузууну, кыйноолорду алдын алуу маселелери талкууланган жыйынга жергиликтүү укук коргоочулар, облустук прокуратурадан, милициядан, медициналык тез жардам кызматынан өкүлдөр келип катышты. Ошону менен катар кыйноого кабылдык деген жарандардын туугандары да келген.

Талкуунун жүрүшүндө укук коргоочулар жеке эле Ысык-Көл облусунда эмес, башка аймактарда да укугу тебеленген адамдар көп болуп жатканын айтышты. Өткөн жылы, алардын айтуусунда, 50дөй кайрылуу болгон, быйыл жыл башынан бери 30га чукул арыз келип түшкөн. (AsM)

XS
SM
MD
LG