Линктер

Армения президенти Серж Саргсян башка өлкөлөр да 1915-жылкы окуяны Осмон империясынын армяндарга карата геноциди деп таанышы керектигин билдирди. Бул тууралуу ал 27-июнда Рейтер агенттигине берген маегинде айтты.

Саргсян Рим Папасынын айткандары менен Германия парламентинин чечимин мисалга тартты.

Мурдараак Германиянын төмөнкү палатасы Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда армяндардын Осмон империясы тарабынан жок кылынышын геноцид деп тааныган резолюция кабыл алган.

Ал эми 24-июнда Армения сапарында Рим Папасы протоколдук тексттен чыгып кетип, окуяны геноцид деп атаган.

“Папанын принципиалдуу позициясы жана Бундестагдын чечими башка өлкөлөрдүн да таанышына жол ачат”, дейт президент Саргсян.

Түркия геноцид дегенди четке кагып, тарыхчылар 1,5 миллион армян өлгөн деп ашыра айтышарын, андагы адамдардын көбү ачарчылыктан мерт болгонун жана кагылышта эки тараптан тең адамдар набыт болгонун белгилеп келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG