Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:16

Ошто июнь окуясынын курмандыктары эскерилди


2010-жылкы июнь коогалаңында курман болгондорду эскерүү.

2010-жылкы июнь коогалаңында курман болгондорду эскерүү.

Ошто 2010-жылдагы июнь окуясынын курмандыктары эскерилди.160 энеге сый-тамак берилип, маркумдарга багышталып куран окулду. Анда улут аралык ынтымакты бекемдөөгө чакырык ташталды. Бул тууралуу "Аалам" партиясынын тең төрайымы Жылдызкан Жолдошева "Азаттык" радиосуна билдирип, бийликти алты жыл мурдагыдай окуяларга жол бербөөгө үндөдү:

-Биринчи жолу 160 эне бир дасторконго отуруп, шейит кеткендерге куран окулду. Ар бир жыл сайын энелерге көңүл буруп, жылуу сөз айтып турсак. Апрель окуясы кайталанбасын десек, акыйкат бийлик жүргүзүлсө. Июнь окуясы кайталанбашы үчүн сепаратисттик күчтөр менен содалашууга барбасак.

Расмий маалыматтар боюнча, 2010-жылдагы июнь окуясында 446 адам набыт болуп, эки миңге чукулу ар кандай деңгээлде жараат алган. (NT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG