Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

Бишкекте жол коопсуздугун камсыздоо боюнча семинар өтөт


Жол кыймылы.
Жол кыймылы.

Шаардык ички иштер башкармалыгында өтүүчү семинарда жол коопсуздугу, кырсыктардын санын азайтуу маселеси көтөрүлөт. Бул тууралуу Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов “Азаттык” радиосуна билдирди.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда орто эсеп менен жылына жети миңден ашуун жол кырсыгы катталып, миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылат. 1,5 миңден ашуун жол кырсыгы балдардын катышуусунда болот.

Кыргызстан дүйнөдөгү жол кырсыктары көп катталган өлкөлөрдүн катарын толуктайт. (NT)

XS
SM
MD
LG