Линктер

Казакстан: алтын кендеги чатактын чоо-жайы тууралуу маалымат берилди


Казакстандын Акмоло облусунда ички иштер департаментинин башчысы Ержан Саденов алтын кендеги чатак тууралуу маалымат берди. Жаңжалдан 20 киши жабыркаганы белгилүү болду.

16-июнда Бештөбө айылындагы “Казакалтын” компаниясы иштеткен кенде жумушчулар менен жеке күзөт агенттигинин кызматкерлери ортосунда мушташ чыккан. Күзөтчүлөр кызматтык курал колдонуп, 14 кенчи жабыркап ооруканага жаткырылган. Алардан тышкары беш күзөтчү жана эки полиция кызматкери ар кандай жаракат алган.

Казакстандын маалымдоо каражаттары күзөт кызматы мыйзамсыз алтын казгандарды текшерүүгө алган учурда кайым айтышуудан чыр чыгып, мушташка айланганын жазып чыгышты. Окуядан кийин күзөт агенттигинин эки кызматкери жана беш жумушчу кармалган. Учурда алар кепилдик менен бошотулду.

XS
SM
MD
LG