Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Порошенко менен Эрдоган украин-түрк кызматташтыгын талкуулады


Петро Порошенко Брюсселде Евробиримдиктин өкүлдөрү менен.
Петро Порошенко Брюсселде Евробиримдиктин өкүлдөрү менен.

Украина президенти Петро Порошенко 27-июнда Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу Порошенко Брюсселде журналисттерге билдирди. Анын айтымында, байланыш түрк тараптын демилгеси менен болгон. Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну макулдашкан.

Порошенко Эрдогандын Орусиянын учагынын атып түшүрүлгөнү үчүн кечирим сураганы тууралуу суроолорго жооп берип жатып,түрк президенти курман болгон учкучтун үй-булөсүнө көңүл айтканын билдирди.

Украина лидери дүйшөмбүдө Евробиримдиктин өкүлдөрү менен жолугушуп, визасыз режим киргизүү маселесин да талкуулаган.

XS
SM
MD
LG