Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:49

100 миң доллар пара үчүн айыпталган Арпачиевдин өкүмү угузулду


Кылычбек Арпачиев
Кылычбек Арпачиев

Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы, 100 миң доллар пара алды деп айыпталган Кылычбек Арпачиевди бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "кызматынан кыянаттык менен пайдаланды" деген берене боюнча актап, "опузалап пара талап кылуу" беренеси боюнча 14 жылга кести. Ошону менен катар "анын мүлкү мамлекетке чегерилсин, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөсүн, иш бөлмөсүнөн табылган 30 миң доллар мамлекетке өткөрүлсүн" деген өкүм чыкты.

Анын 2015-жылдын март айынан бери тергөө абагында өткөргөн ар бир күнү эки деп эсептелмей болду.

Арпачиевдин жактоочуларынын айтымында, райондук соттун бул өкүмү боюнча сотко апелляциялык арыз берилет.

Былтыр март айында УКМКга ишкер жаран кайрылып, Арпачиев андан ири суммада пара талап кылып жатканын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG