Линктер

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети бүгүн вице-премьер-министрлик кызматка Жеӊиш Разаковдун талапкерлигин жактырды. Аны премьер-министр Сооронбай Жээнбеков чек ара маселелерин тейлей турган вицелик кызматка сунуштаган.

Милициянын полковниги, 49 жаштагы Разаков буга чейин өкмөттүн чек ара маселелери курч Баткен облусундагы өкүлү болуп иштеп жаткан.

Өткөн аптада Жогорку Кеӊеш премьер-министрдин сунушу боюнча өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алган. Анда өкмөт башчыга өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн ишин координациялай турган вице-премьер-министрлик кызмат ордун ачуу сунушу берилген. (RK)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG