Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

АКШ: Орусияда америкалык дипломаттардын артынан аңдуу башталды


АКШ 2014-жылы Москвага Орусиянын Украинадагы аракеттери үчүн бир катар санкцияларды киргизген.
АКШ 2014-жылы Москвага Орусиянын Украинадагы аракеттери үчүн бир катар санкцияларды киргизген.

Орусияда америкалык дипломаттардын артынан тыкыр аңдуу башталды. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү билдирди. Бул суроону АКШнын мамкатчысы Жон Керри Орусиянын президенти Владимир Путин менен март айында болгон жолугушуусунда да көтөргөн.

“Биз дипломаттарга басым күчөп жатканын көрүп жатабыз жана буга абдан олуттуу карайбыз” - деди мамдепартаменттин өкүлү Элизабет Трюдо. Ал бул көйгөй АКШ Орусиянын Украинанын чыгышындагы аракеттери үчүн Москвага санкцияларды киргизгенден бери эле башталганын кошумчалады.

Айрым батыш өлкөлөрүнүн элчиликтери да алардын дипломаттары Орусияда ушундай эле көйгөйгө туш болуп жатканын айтышкан.

Вашингтон өз кезегинде АКШдагы Орусиянын алты ардактуу консулунун бешөөнүн ишеним грамотасын кабыл алган эмес. Буга жооп катары Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Вашингтон АКШдагы жана башка өлкөлөрдөгү орус дипломаттарын провакацияга түртүп жатат деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG