Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:51

Йемендеги бир канча жардыруудан 42 адам набыт кетти


Жардыруулар Мукалаа шаарында болду.

Жардыруулар Мукалаа шаарында болду.

Йеменде катары менен болгон бир канча жардыруудан кеминде 42 адам мерт болду. Бул тууралуу өлкөнүн расмий өкүлдөрү жана медицина кызматкерлери кабарлашты. Теракттар бир кезде “Аль-Каиданын” уюгу саналган, өлкө түштүгүндөгү Мукалла шаарында уюштурулган. Дүйшөмбүдөгү жардыруулар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алды.

Расмий бийликтин билдирүүсүнө караганда, жардыруулар коопсуздук күчтөрүнүн имараттарына жана аскер казармаларына багытталган.

Йемендеги хусит козголоңчулар менен эл аралык коомчулук тааныган Абд-Раббу Мансур Хадинин жактоочуларынын ортосунда жарандык согуш башталгандан бери бул өлкөдө “Ислам мамлекети”, “Аль-Каида” сыяктуу экстремисттик топтор өз аракеттерин күчтөндүрүп келишет.

Өткөн жыл соңунда козголоңчулар менен өкмөттүн ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү майнапсыз аяктаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG