Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:33

Апрель окуясы үчүн соттолгондордун мунапысына каршы акция өтүүдө


Жогорку Соттун алдында акция өтүүдө

Жогорку Соттун алдында акция өтүүдө

Жогорку Соттун алдында ушу тапта нааразылык акциясы өтүп жатат. Апрель окуясында жабыркаган тараптын өкүлдөрү соттолгондорго карата мунапыс колдонулбасын, алар эркиндикке чыкпаш керек деген талаптарды айтууда.

Ушул айдын башында Кыргызстандын Аскер соту Апрель окуясы үчүн 10 жылга соттолгон мурдагы мамлекеттик кеңешчи Элмурза Сатыбалдиевге, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Каныбек Жороевге, мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункуловго жана УКМКнын “Альфа” атайын тобунун мурунку командири Алмаз Жолдошалиевге тергөө абагында 2010-жылдан бери өтөгөн жаза мөөнөтүн эске алып, мунапыс колдонгон болчу.

Бирок бул чечимге байланыштуу жабыркаган тарап Жогорку Сотко кайрылгандыктан, алар бошотула элек.

2010-жылы 7-апрелде ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы демонстрацияга чыккан элге ок атылган. 90го жакын киши өлүп, 300дөн ашууну жараат алган.

Бул иш боюнча экс-президент Курманбек Бакиев баш болгон 28 кишиге кылмыш иши козголгон. Ок атууга күнөлүү деп табылган мурунку президент Курманбек Бакиев, иниси Жаныш жана улуу уулу Марат Бакиевдер учурда Беларуста баш калкалап жүрүшөт. Ал эми мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов коңшу Казакстанда деген маалымат айтылып келет. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG