Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:10

Йылдырым: компенсация тууралуу сөз болгон жок


Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым.
Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым.

Түркия орусиялык учкучтун үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берет деген маалыматты Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым четке кагып, бул тууралуу эч сөз болбогонун билдирди.

Рейтерс агенттигинин кабарлашынча, Йылдырым бул жумада Режеп Тайип Эрдоган менен Владимир Путиндин ортосунда телефондук сүйлөшүү болушу мүмкүндүгүн айтты.

Мындан бир күн мурун түрк президенти Эрдоган Путинге кат жолдоп, анда орусиялык учкучтун үй-бүлөсүнө көңүл айтканы кабарланган. Эрдоган өзү да кат жазганын ырастап, Анкара менен Москванын алакасы тез арада жакшырарына үмүттөнөрүн кошумчалаган.

Түркия орустардын Су-24 аскер учагын "өлкөнүн аба мейкиндигин бузду, эскертүүнү уккан жок" деп, өткөн жылдын ноябрында атып түшүргөн. Орусия буга нааразылык билдирип, эки өлкөнүн мамилеси кескин сууган.

Дүйшөмбүдө Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Эрдоган Путинден кечирим сураганын билдирген.

XS
SM
MD
LG