Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Кремль: 29-июнда Путин менен Эрдоган телефон аркылуу сүйлөшөт


Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков.
Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков.

Бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков 29-июнда орус тараптын демилгеси менен Путин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшөрүн билдирди. Бул эки өлкөнүн ортосундагы мамиле кескин сууп кеткенден кийинки эки лидер ортосундагы алгачкы сүйлөшүү болмокчу.

Песков ошондой эле эки өлкө ортосундагы мамилени мурдагы калыбына келтирүү үчүн убакыт зарылдыгын белгиледи.

Түркия орустардын Су-24 аскер учагын "өлкөнүн аба мейкиндигин бузду, эскертүүнү уккан жок" деп, өткөн жылдын ноябрында атып түшүргөн. Орусия буга нааразылык билдирип, эки өлкөнүн мамилеси кескин сууган.

27-июнда түрк президенти Эрдоган Путинге кат жолдоп, анда орусиялык учкучтун үй-бүлөсүнө көңүл айтканы кабарланган. Эрдоган өзү да кат жазганын ырастап, Анкара менен Москванын алакасы тез арада жакшырарына үмүттөнөрүн кошумчалаган.

XS
SM
MD
LG