Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Ататүрк аэропортундагы кош жардыруудан 28 киши мерт кетип, 60тай адам ар кандай жаракат алды


Ататүрк аэропорту
Ататүрк аэропорту

Стамбулдагы Ататүрк аэропортунда 3 жардыруу болуп, кеминде 28 киши мерт болгонун Түркиянын Юстиция министрлиги кабарлады. Дагы 60тай киши жараат алышты.

СNN Turk каналынын маалымдашынча, жардыруулар эл аралык каттамдар терминалында болгон. Учурда окуя болгон жерде полиция жана тез жардам кызматкерлери иштеп атат. Ушул тапта аэропорттун кириш-чыгыш эшиктери жабылды. Жардыруу боюнча түрк премьер-министри Бинали Йылдырым ички иштер министри жана Стамбулдун акиминен маалымат алганы жана окуя боюнча чукул кризистик борбор түзүү тапшырмасын бергени кабарланды.

Соңку жарым жыл ичинде Түркияда бир нече ири теракттар уюштурулду. Өткөн жылдын октябрь айында күрттөрдүн тынч жүрүшү маалында болгон жанкечтилердин кош жардыруусу 100дөй адамдын өмүрүн алган. Ал эми жазында Стамбулдун чок ортосунда уюштурулган теракттан он киши каза тапкан. Алардын көбү германиялык туристтер болгон.

XS
SM
MD
LG