Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:48

Cтамбул аэропортундагы кош жардыруулар үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек


Стамбул абамайданы.

Стамбул абамайданы.

Жардырууга күрт сепаратисттери же өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган экстремисттик топтун тиешеси бар деген божомолдор айтылууда. Бирок, азырынча жоопкерчиликти эч ким өз мойнуна ала элек. Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу кыргыз жарандарын "Стамбулдагы акыркы кырдаалга жана теракт коркунучуна байланыштуу эл көп чогулган жерлерден алыс болууга" жана "коомдук транспорттун кызматтарынан баш тартууга" чакырууда. Азырынча мерт болгондор жана жаракат алгандар арасында кыргызстандыктардын бар-жогу белгисиз. Тышкы иштер министрлиги маалымат такталып жатканын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG