Линктер

Казакстан БУУнун Коопсуздук кеңешине Азиянын атынан мүчө болду


Бириккен Улуттар уюму.

Бириккен Улуттар уюму.

Казакстан 2017-жылдын 1-январынан тарта БУУнун Коопсуздук кеңешине эки жылга мүчө болуу милдетин аткарууга киришет. Шейшембиде 193 орундуу Башкы ассамблеяда экинчи жолку добуш берүү учурунда Казакстан тандалып алынды. Ага атаандаш катары чыккан Таиланддан алдыга озуп Казакстанга 138 добуш берилди.

БУУнун Коопсуздук кеңешине вето коюу укугуна ээ болгон беш туруктуу мүчө бар. Алар АКШ, Орусия, Кытай, Улуу Британия жана Франция. Мындан тышкары туруксуз эмес он мүчө эки жылга шайланат. Орундар чөлкөмдөргө жараша бөлүнөт. Эми алдыдагы эки жыл ичинде Казакстан БУУнун Коопсуздук кеңешинде Азиянын атынан сүйлөйт.

XS
SM
MD
LG