Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында бүгүн "Депутаттын макамы жөнүндөгү" мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушу талкууланат. Долбоор 22-июнда кайрадан добушка коюлуп, 57 депутат аны колдоп, 48 депутат каршы чыккан.
Бир катар эл өкүлдөрү депутаттык жеңилдиктерди кыскартуу боюнча аталган мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун иштеп чыгышкан. Аны парламент 15-июнда көпчүлүк добуш менен четке каккан болчу. (NT)