Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:21

"Бир дүйнө Кыргызстан" ЖМК мыйзамын өзгөртүүгө каршы акция баштады


"Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылы Facebook социалдык түйүнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүүгө каршы акция баштады. "Бизге сөз эркиндигин кайтарып бергиле" деген ураан астында уюштурулган акция журналисттерди жана сөз эркиндигин колдоого багытталган.

Өткөн апта, 22-июнунда Жогорку Кеңеш пленардык жыйынында аталган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. ЖМКны негиздөө жана каржылоо жагынан айрым чектөөлөр киргени жатат. Авторлордун айтуусунда, бул өлкөнүн маалыматтык коопсуздугун коргоо максатында демилгеленди.

Медиа-эксперттердин белгилешинче, мындай шартта биринчи кезекте "Азаттык" радиосу жабылышы ыктымал.

Кечээ Бишкекте журналисттер президентке жана парламентке кайрылуу жолдошту. Анда "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кабыл алынбашы керек, себеби алар "Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясына" жана ушу тапта иштелип жаткан "Маалымат саясатынын концепциясына каршы келет"" деп айтылат. (RK)

XS
SM
MD
LG