Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:48

Галина Скрипкина депутаттык мандатын тапшырды


Галина Скрипкина
Галина Скрипкина

Жогорку Кеңешке КСДП партиясынан шайланып келген депутат Галина Скрипкина мандатын тапшырды. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында ага депутаттык ишмердүүлүгү үчүн ыраазылык айтылып, белектер тапшырылды.

Скрипкина өткөн айда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) сотуна судьялык кызматка дайындалган. Уюмдун ичинде орток келишимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүүчү бул соттук органдын кеңсеси Беларустун борбору Минск шаарында жайгашкан. (RK)

XS
SM
MD
LG