Линктер

Стамбулда кечээки жардыруулардан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар болушу ыктымал. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлоодо.

"Саат 21:35 жана 00:35те "Түрк аба жолдору" компаниясынын Стамбул - Бишкек каттамы боюнча ТК348, ТК344 рейстери бар болчу. Аларга каттоо 19:35 жана 22:35те башталган. Бул рейстерге келген жана аларды коштогондор арасында кыргыз жарандары болушу ыктымал. Учурда аталган рейстерге билет алган кыргызстандыктардын саны такталууда" деп билдирди Тышкы иштер министрлиги.

Кечээ Стамбулдун Ататүрк аэропортундагы жардыруулардан, расмий маалымат боюнча, кеминде 36 адам мерт кетти. Ал эми бейрасмий кабарларга караганда, набыт болгондордун саны 50гө жетти. Жүздөй адам жараат алды. (RK)

XS
SM
MD
LG