Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:06

Парламентте өкмөт мүчөлүгүнө талапкерлер талкууланууда


Ушу тапта Жогорку Кеӊеш өкмөттүн курамына киргизүү үчүн премьер-министр сунуштаган талапкерлерди карап жатат.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков аткаруу бийлигинин ишин оптималдаштыруу, натыйжалуулугун арттыруу максатында өкмөт түзүмүндө чек ара маселелерин тейлеген вице-премьер-министр кызмат орду ачылганын, эки министрлик кайра түзүлгөнүн, эки мамлекеттик комитет түзүлгөнүн айтып, алардын жетекчилигине талапкерлерди тааныштырды.

22-июнунда Жогорку Кеӊеш премьер-министрдин сунушу боюнча өкмөттүн түзүмүн өзгөртүү жөнүндө токтом кабыл алган.

Өкмөт башчы төмөнкү тапкерлерди сунуштады:

Жеңиш Разаков – чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр, Турдуназир Бекбоев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри, Замирбек Айдаров транспорт жана жолдор министри, Дүйшөнбек Зилалиев мамлекеттик өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы, Бакыт Шаршенбиев мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы кызматына.(RK)

XS
SM
MD
LG