Линктер

Стамбулдагы жардыруу: Кыргызстан эки жарадар тууралуу маалыматты тактоодо


Стамбулда набыт болгондор жана жараат алгандар арасында, алдын ала маалыматка караганда, кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" Стамбулдагы консул билдирди. Бирок, анын айтымында, дагы эки адам боюнча маалымат такталып жатат:

- Жарадар болгондор арасында экөө бар экен. Алардын жарандыгы тактала элек. Бирок фамилиясы биздикилерге окшош экен: 22 жаштагы Бахтияр Юнусов жана 20 жаштагы Рыфат Салимов. Азыр алар жаткан оорукананы тактап жатабыз. Анан кайсы жердин жараны экенин билгенге аракет кылабыз.

Кечээ Стамбулдун Ататүрк аэропортундагы жардыруулардан, расмий маалымат боюнча, кеминде 36 адам мерт кетти. Ал эми бейрасмий кабарларга караганда, набыт болгондордун саны 50гө жетти. Жүздөй адам жараат алды. (EB)

XS
SM
MD
LG