Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:22

Монголияда парламенттик шайлоо өтүүдө


Улан Батордогу добуш берүү. 29-июнь, 2016-жыл.
Улан Батордогу добуш берүү. 29-июнь, 2016-жыл.

Мамлекеттик Улуу куралдагы 76 орун үчүн 500дөй талапкер ат салышууда. Шайлоодогу негизги атаандаштар: бийликтеги Демократиялык партия менен оппозициядагы Монголия элдик партиясы.

Азиянын кен байлыктарга бай өлкөсүнүн экономикасы азыр чийки заттын баасы арзандап, ага өзгөчө коңшу Кытайдан суроо-талап азайганына байланыштуу төмөндөөдө.

Беш жыл мурун Монголияда бир жылдык өсүш 17,5%га чейин жетсе, Эл аралык валюта кору быйылкы өсүштү болгону 0,4% деп болжолдогон.

Бүгүнкү парламенттик шайлоо өлкө 1990-жылы демократияга көчкөндөн берки жетинчи ирет өтүп жаткан өнөктүк.

Бирок, талдоочулардын айтымында, саясий жараяндан көңүл калуу өзгөчө жаштар арасында күч.

БУУнун адам өнүгүшү боюнча акыркы баяндамасынын Монголия боюнча бөлүгүндө соңку шайлоодо 18-34 жаш курактагы монголдордун 45% гана катышкан. 2012-жылкы акыркы шайлоодо жалпысынан шайлоо бекеттерине калктын 65%ы келген. (UE)

XS
SM
MD
LG