Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:20

Казакстан сугат сууну Кыргызстандан эмес, Тажикстандан алууну көздөөдө


Кыргыз-казак чек арасындагы Аспара суусу
Кыргыз-казак чек арасындагы Аспара суусу

Казак өкмөтүндө өлкө түштүгүндөгү сугат суу тартыштыгы боюнча жыйында Кыргызстан тууралуу сөз болду.

Tengrinews.kz агенттигинин маалымдаганына караганда, Түштүк Казакстан облусунун акими Бейбут Атамкулов суу тартыштыгын айтып, коңшу Тажикстан менен сүйлөшүү жүргүзүү керектигин билдирди.

«Эгер Тажикстандан кошумча 100 куб алсак биз муну Өзбекстан менен бөлүп алат элек. 50 куб кошумча Махтаарал районуна кетмек» деди ал.

Биринчи вице-премьер Бакытжан Сагинтаев акимдин сунушун колдоп, бул боюнча алгачкы сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн билдирди.

«Ташкентте кесиптештер менен сүйлөштүк. Тажиктер биз мурдагы жылдары Кыргызстан менен иштеген схема боюнча кызматташууну сунушташты. Алар "эгер ушундай жол менен барсаңар, бизден электр энергиясын сатып алып турсаңар кыргыздар менен байланышпай деле койсоңор болот, биз сууну өзүбүздөн кое беребиз" дешти. Ошондуктан Энергетика министрлигине жана Айыл чарба министрлигине алар менен жолуккула, схеманы иштеп чыккыла деп тапшырма бердик" деди Сагинтаев.

Кыргызстанга байланыштуу айтылган бул осол сөздүн видеосу интернетке чыкты. (RK)

Казакстан кыргыз суусунан баш тартабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:25 0:00

XS
SM
MD
LG