Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

Стамбул: Өлгөндөр арасында кыргыз жарандары жок, бирөө жеңил жараат алды


Стамбулда кечээки террордук чабуулдардан мерт кеткендер арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу бүгүн Стамбулдагы Башкы консулдукка таянып кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Такталган маалыматка караганда, бир кыргызстандык жараат алган. Ал - 22 жаштагы Бахтияр Юнусов. Сол колунан жеңил жараат алган Юнусовдун абалын сурап ооруканага консулдуктун кызматкерлери барып келишти. Бүгүн ал ооруканадан чыгары кабарланды.

Ал эми кыргызстандык болушу ыктымал деп айтылып жаткан жарадар Рыфат Салимов өзбекстандык экени аныкталды.

Кечээ кечинде Ататүрк аэропортунда өзүн өзү жардырган үч жанкечтинин кол салууларынан 36 адам өлүп, 147 киши жараат алды. (RK)

XS
SM
MD
LG