Линктер

Еврошаркеттин лидерлери биримдикти убада кылышты


Ангела Меркел Брюсселдеги пресс-конференцияда. 29-июнь, 2016-жыл.

Ангела Меркел Брюсселдеги пресс-конференцияда. 29-июнь, 2016-жыл.

Бул тууралуу Брюсселдеги саммиттин бүгүн биринчи ирет Британиясыз өткөн бөлүгүнөн кийин айтылды:

"Биз Британия Евробиримдик менен өзүнүн мындан аркы мамилесин кандай аныктайт ошону карайбыз. Бүгүн ал тууралуу эч нерсе айта албайбыз. Бул маселеге аныктык канчалык эртерээк кирсе, ишенимсиздик ошончолук азаят", - деди немиc канцлери Ангела Меркел Брюсселдеги бүгүнкү пресс-конференцияда.

Брюсселдеги саммитте биримдиктин калган 27 өлкөсүнүн лидерлери эгер Британия бирдиктүү базарды колдонгусу келсе, өз тарабынан Евробиримдиктин жарандары да мурдагыдай эле Британияга эркин кирүүсүнө көнүүсү керектигин да эскертишти.

Канцлер Меркелдин айтымында, биримдиктин лидерлери жаңы шарттардан улам келишимдерди өзгөртүүнү көздөшпөйт. (UE)

XS
SM
MD
LG