Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:27

Жарандык активисттер Бишкектеги түрк элчилигине көңүл айтат


Стамбул абамайданы.
Стамбул абамайданы.

Бүгүн кыргызстандыктар Бишкектеги Түркиянын элчилигине барып, Стамбулдагы жардыруулардан мерт кеткендерге байланыштуу көңүл айтат. Кыргыз-түрк “Манас” университетинин студенттери, бүтүрүүчүлөрү, журналисттер, саясатчылар, жарандык активисттерден турган топ Түркиядагы жардырууларды айыптап, мындай окуялар кабыл алынгыс экенин билдиришет. Ошондой эле террорчуларга каршы күрөшүүгө эл аралык коомчулукту чакырышат.

Соңку маалыматтар боюнча, Стамбулдун "Ататүрк" аэропортундагы жанкечтилердин кол салуусунан мерт болгондор саны 42ге жетип, 239 киши жаракат алды. Алардын ичинен 41 адам оор абалда Стамбулдун ооруканаларынын реанимация бөлүмдөрүндө жатат. Жеңил жарат алган 109 киши ооруканадан чыгарылды. Бейтапканадан чыккандардын арасында Кыргызстандын да бир жараны бар. Мерт кеткендердин он экиси чет элдик, үчөө кош жарандыгы барлар экени аныкталды. 29-июнда аэропортто аба каттамдардын баары калыбына келди. Жардыруу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Түрк бийлиги муну “Ислам мамлекети” террордук тобунан көрүүдө.

28-июндун түнү үч жанкечти "Ататүрк" аэропортунда өздөрүн жардырардан мурда автоматтан элге ок чыгарган. Былтыртан бери Түркиянын эки ири шаары: Анкара менен Стамбулда бир нече жардыруу болду. Алардын ичинен түрк коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрүнө каршы багытталган кол салуулардын жоопкерчилигин күрт согушкерлери өзүнө алган. (NT)

XS
SM
MD
LG