Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:31

Орусия батыш азык-түлүгүнө эмбаргону узартты


Орусия.
Орусия.

Орусия президенти Владимир Путин Батыштан ташылган азык-түлүккө эмбаргону 2017-жылдын соңуна чейин узартты. 2014-жылдын 7-августунда Украинанын чыгышындагы саясатка байланыштуу Орусия өзүнө жарыяланган санкцияларга жооп иретинде АКШ, Канада, Австралия, Норвегия жана Евробиримдик өлкөлөрүнүн продукцияларын ташууга чектөө киргизген.

Ага ылайык, аталган мамлекеттерден жер-жемиш, сүт жана эт азыктары келбей калган. Крымды аннексиялап, Украинанын чыгышындагы козголоңчуларды колдогондугу үчүн Батыш өлкөлөрү да Орусияга бир нече жолу санкция жарыялаган.

XS
SM
MD
LG