Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:51

Мүлк фондуна жаңы жетекчи дайындалды


Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жаңы жетекчи келди. Өкмөт башчынын буйругу менен мекеме жетекчиси болуп Мелис Мамбетжанов дайындалды.

Буга чейинки жетекчи Алмазбек Кадыркуловдун ишин премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кескин сындап, ага сөгүш жарыялаган болчу.

Мамбетжанов Мамлекеттик каржы чалгын кызматын жетектеп келген. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG