Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Телеканалдардын тил саясаты парламентте кызуу талкуу жаратты


Жогорку Кеңеште телеканалдардын тил саясаты боюнча маселе кызуу талкуу жаратты. Күн тартибине киргизилген мыйзам долбоорун бүгүн эмес, күзүндө кароого каршылар да, макул болгондор да чыкты.

"Республика Ата-Журттан" депутат Руслан Казакпаев:

- Бул мыйзам долбоору комитетте бир добуштан колдоого ээ болгон. Өткөндө Кожобек Рыспаев мыйзамын киргизгенде (ЖМК негиздөө жана каржылоо боюнча чектөөлөр тууралуу - ред.) маалыматтык коопсуздук үчүн деп колдоп бердик. А коопсуздук биринчи кезекте тилден башталат да, - деп долбоорду талкуулап, кабыл алууга чакырды.

Мыйзам долбоорун бүгүнкү күн тартибинен алып салууну демилгечилер өзүлөрү суранганын "Ата Мекенден" депутат, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинин төрагасы Садык Шернияз айтып чыккан. Анын билдиргенине караганда, долбоор техникалык себептерге байланыштуу дагы талкууланышы керектиги айтылган.

Натыйжада бул маселе бүгүн каралбай турган болду.

КСДП фракциясынан депутаттар Жылдыз Мусабекова жана Жанар Акаев айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө долбоорду сунуштаган. Анда кыргыз тилиндеги телеберүүлөр жалпы контентте 50 проценттен кем болбошу керек деп жазылган. (RK)

XS
SM
MD
LG