Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:44

Президент Атамбаев өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты


Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-июнда өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнүн ант берүү аземине катышты.

Жогорку Кеңештин жыйынында өткөн салтанаттуу аземде вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоев, транспорт жана жол министри Замирбек Айдаров, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев жана Маалыматтык технологиялар, байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев ант беришти.

22-июнунда Жогорку Кеңеш премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун өкмөт түзүмүн өзгөртүү боюнча сунуштарын колдоого алган. Ага ылайык, эки жаңы мамлекетик комитет түзүлүп, министрлик жана ведомстволор ортосунда айрым тийиштүү функциялар кайра бөлүштүрүлгөн. Ошондой эле чек ара маселеси боюнча вице-премьер-министрдин кызматы түзүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG