Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:13

Стамбулдагы теракт курмандыктарынын саны 42ге жетти


Жалпысынан 239 киши ар кандай деңгээлдеги жаракат алды, алардын 128и ушул тапта ооруканада.
Жалпысынан 239 киши ар кандай деңгээлдеги жаракат алды, алардын 128и ушул тапта ооруканада.

Стамбулдагы Ататүрүк аба майданында болгон терактта мерт кеткендердин саны 42ге жетти. Шаршембиде дагы бир адам көз жумганы маалым болду. Жалпысынан 239 киши ар кандай деңгээлдеги жаракат алды, алардын 128и ушул тапта ооруканада.

Түркиянын расмий бийлигинин билдиришинче, 28-июнь күнү кечке маал үч согушкер Ататүрк атындагы аэропорттун кире беришиндеги текшерүү бекетинин жанында туш келди ок чыгарышкан. Андан соң эки согушкер имараттын ичине чуркап кирип, жардыруу уюштурушкан. Дагы бир жанкечти өзүн өзү имараттын сыртынан жардырып жиберген.

Азырынча калаба үчүн жоопкерчиликти эч ким ала элек. Түрк бийликтери жардыруулардын артында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу турушу мүмкүндүгүн боолгошууда. Ушундай эле көз карашын шаршембиде АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын башчысы Жон Бреннан билдирди. Ал аталган экстремисттик топ Американын аймагында да теракттарды даярдап жатышы мүмкүн деген божомолун айтты.

XS
SM
MD
LG