Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:57

Жонсон премьер-министрликке талапкерлигин коюудан баш тартты


Лондондун мурдагы мэри Борис Жонсон

Лондондун мурдагы мэри Борис Жонсон

Лондондун мурдагы мэри Борис Жонсон өз талапкерлигин премьер-министрликке коюудан баш тартты. Бул тууралуу ал бейшембиде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Өз чечимин ал кесиптештери менен кеңешип, парламенттеги азыркы кырдаалды эске алуу менен кабыл алганын түшүндүрдү. Жонсондун бул билдирүүсү көптөр үчүн күтүүсүз болду.

Жонсон Британиянын Евробиримдиктен чыгышын колдогон саясатчылардын бири болгон. Бүгүн премьер-министрликке өз талапкерлигин юстиция министри Майкл Гоув менен ички иштер министри Тереза Мей көрсөтүшкөнү маалым болду. Мей Гоув менен Жонсондон айырмаланып Британиянын Евробиримдиктен ажырабашын колдоп келген.

Британиянын азыркы премьер-министри Дэвид Кэмерон 23-июлда өткөн референдумдан кийин кызматтан кетерин билдирген. Анда британиялыктардын 51% Евробиримдиктен бөлүнүүгө добуш беришкен.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG