Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев Түркияга каршы киргизилген санкцияларды алуу үчүн чара көрүүнү тапшырды. Анын айтымында, экономикалык чектөөлөр акырындап, орус компанияларына кедергисин тийгизбегидей болуп алынышы керек.
Өкмөт жыйынында премьер-министр ошондой эле Түркиянын курортторуна авиакаттамдарды жандандыруу керектигин билдирди.
Кремль болсо Орусия менен Түркиянын ортосундагы “Түштүк агым-2” газ куурунун курулушу боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандыруу тууралуу азырынча сөз кылуу эрте экенин билдирди.
Эки өлкө ортосундагы алака 2015-жылдын 24-ноябрында аба мейкиндигибизди бузду деп Түркия орусиялык аскер учагын атып түшүргөндө бузулган.
Орусия Түркияга экономикалык санкция салып, өз жарандарын Түркияда эс алуусуна тыюу салган. Түркиялык азык-түлүктөрдү алуудан баш тарткан. Экономикалык долбоорлор токтотулган эле.
Мамиле 27-июнда Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган орусиялык учкучтун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, Орусия президенти Владимир Путинге кат жазгандан кийин калыбына келе баштаган.
29-июнда Эрдоган менен Путин телефондон сүйлөшүп, ымаланы бекемдөөнү, көзмө-көз жолугушууну да талкуулашты.