Линктер

Президент Алмазбек Атамбаев Исландиянын президенти Оулавюр Рагнар Гримссонду бул өлкөнүн курама командасынын футбол боюнча Европа чемпиондугунун чейрек финалына чыкканы менен куттуктады.

«Күчтүү команданын деми, кызыктуу оюн жана күйөрмандардын колдоосу, терең урмат менен суктанууну жаратат», - деп айтылат Атамбаев жолдогон катта.

Президент исландиялык кесиптешине бекем ден соолук, ал эми элге тынчтык, өнүгүү, ийгиликтерди каалады.

28-июнда Францияда өткөн оюндарда Исландия командасы Англияны 1:2 эсебинде утуп алган. Бул - Түндүк Европада жайгашкан 325 миңден ашуун калкы бар чакан мамлекеттин улуттук курамасынын алгачкы жолу чейрек финалга чыгышы. (NT)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG