Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Армения-Орусия биргелешкен коргонуу системасы тууралуу келишим ратификацияланды


Армения парламентинин депутаттары.
Армения парламентинин депутаттары.

Оппозициянын каршы чыкканына карабастан Армения парламенти орус-армян биргелешкен абадан коргонуу системасын түзүү туралуу макулдашууну ратификациялады. Макулдашууну колдоп 102 депутат добуш берди, сегизи каршы чыкты. Эки өлкө ортосундагы макулдашууга 2015-жылдын 23-декабрында Москвада кол коюлган.

Келишимдин жактоочулары бул Арменияга Орусиянын аскер-аба күчтөрүн, анын ичинде спутник системасын жана истребителдик авиациясын колдонууга мүмкүнчүлүк берерин белгилешүүдө. Ал эми биргелешкен коргонуу системасына каршы чыккандар Армения өз күчтөрүнө ээ боло албай калат деп кооптонушууда.

“Мурас” партиясынан депутат Заруи Постаняжан Москва бир гана Армения менен эмес, анын каршылаштары менен да жакшы мамиледе экенин башкалардын эсине салды.

Армения, Орусия, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан ЖККУ уюмуна мүчө.

XS
SM
MD
LG